Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинен бомба табылган жок

Бүгүн, 12-октябрда Бишкектеги Абдрахманов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде катылган жардыруучу зат табылган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга "аталган кесилиштеги банктын филиалынын жанында кутунун ичинде бомба бар" деген маалымат түшкөн. "Күч түзүмдөрү филиалдын айланасын курчоого алышкан. Текшерүү жүргүзгөн сапёрлор эч кандай жардыруучу затты табышкан жок",- дешти шаардык милициядан.
Айта кетсек, буга чейин да борбор калаада жардыруучу заттар боюнча маалыматтар белгисиз адамдар тарабынан бир канча жолу түшкөн, бирок текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Medina87
2015-10-12 16:03:20
Турмодон качкандар звонить этишкен болуу керек алаксытуу учун.
+3
Dadasdasd
2015-10-12 17:05:16
Medina87,туура алаксытуу учун.
0
timarama91
2015-10-12 17:41:21
Medina87, тууганым звонить эмес чалышкан болуш керек. А бирок оюнузга кошулам.
+1
Zhypariza
2015-10-13 06:32:47
Балким атайын бомба жок чыгып андай нерселерге конул бурбай калышы учун жиберсе керек чтобы кийинки жибергенде калп деп ойлоп текшеруу журбошу учун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан