"Чүйдөгү түрмөдөн тогуз адам качты" деген маалымат тараган соң, Казакстан мамлекеттик чек арасын күчөтүлгөн режимде кайтарууга өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда казакстандык ММКлар Казакстандын Мамлекеттик чек ара кызматына шилтеме берүү менен билдиришти.
Учурда кылмышкерлер өтүшү мүмкүн болгон аймактарда чек ара пункттары катуу көзөмөлгө алынууда. "Эгер кылмышкерлер чек араны бузуп кирүү аракетин көрүшсө, кыргыз өлкөсүндөгү кесиптештер менен биргеликте аларды колго түшүрүүгө же жок кылууга аракеттер көрүлөт",- дейт Казакстандын Мамлекеттик чек ара кызматы.