"Абактан качкан кылмышкерлер үч башка камерада отурушкан. Жалпысынан үч камерада 11 кылмышкер болгон. Ал жерде өмүр бою эркинен ажыратылган эки адам калган". Бул тууралуу ЖАМКтын Оперативдүү режим башкы башкармалыгынын жетекчиси Саламат Абдиев билдирди.
Ал эми Жазаларды аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова кылмышкерлердин абактан качуусу тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"№50-абак мамлекетибиздин аймагындагы түрмө режиминдеги жалгыз колония болуп саналат. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүн түрмөдө өтөсүн десе, кылмышкерлер камерада отурушат. Өлкөдөгү башка абактардын ичинде кылмышкерлер эркин абалда басып жүрүшсө, бул жердегилер камерада отурушчу. Экөө өзүнчө, төртөө өзүнчө отурат. Бир иш боюнча тергөө болсо, бири-бири менен пикир келишпесе, бир камерада отурушпайт.
Абактан качкан тогуз адамдын жетөөсү өмүр бою эркинен ажыратылгандар, экөөсүнүн иши боюнча тергөө жүрүп жаткан. Тогуз адамдын баары салттуу эмес ислам дининин бир агымын кармангандар, активдүү мүчөсү жана үгүттөөчүлөрү болушкан. Баары диний экстремизм жана терроризм беренелери боюнча кармалгандар.
Окуя болгон учурда аба ырайынан улам түрмөнүн ичи караңгы болуп турган. Кылмышкерлер түрмөдөгү административдик корпус аркылуу чыгышып, ошол жактагы жарыкты өчүрүшкөн. №50-абакта видеокөзөмөл бар, мобилдик телефондордун иштөөсүнө бөгөт койгон аппарат биринчи ошол абакка орнотулган. Видеого тартылгандар ЖАМКтын борбордук аппаратында жазылып калчу, бирок камералардагы видеону жазып калчу аппараттар эки аптадан бери иштебей турган. Ар кандай жагдайлар чогулуп, ушундай жыйынтык болуп жатат.
Кызматкерлерди кыйнагандарына караганда, түрдүү себептерди айтып, "ооруп жатам" деп эшикти ачтырышы мүмкүн. Кылмышкерлердин колунан ошол күнү нөөмөттө болгон кызматкерлердин үчөөсү муунтулуп өлтүрүлгөн. Бири муунтулуп, башынан жаракат алып оор абалда жатат. Колдон келишинче колдоо көрсөтүүгө аракет кылабыз. Кызмат учурунда кооптуу жагдайлар болот экен. Жаш кызматкерлерден айрылып жатабыз".
Абактан качкандар боюнча ар бир версия текшерилип жатканын жана тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн себептери айтылбай турганын билдирди.