
* Мындан 43 жыл мурун, 1972-жылы КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри
Алтынбек Максүтов Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган. 1989-1993-жылдары Москва шаарындагы Михаил Щепкин атындагы Театралдык окуу жайда билим алган. Ал эми 1996-2000-жылдары Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуган. 1993-2013-жылдары Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында эмгектенип, 2013-2014-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда башкы режиссёр болгон. Ал эми 2014-жылдын октябрь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри болуп эмгектенип келет.

* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы обончу-ырчы, дастанчы, төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси
Ашыраалы Айталиев 81 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.
Ашыраалы Айталиев 1927-жылы Кант районундагы Жедигер айылында туулган. Акындын ырга болгон кызыгуусу мектепте окуп жүргөн чагынан эле башталган. Ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев кыргыз рухий көркөм дүйнөсүнүн келечегине кам көрүп, анын аракети менен өлкөбүздө жаш төкмө акындардын, манасчылардын мектеби ачылган. Ал төкмөлүк менен биргеликте ырчылыкты, дастанчылыкты да өнүктүрүп келген. Улуу таланттын “Жылкычы”, “Нарындан жазган салам кат”, “Ак шоокум” өңдүү ырлары элдин сүйүктүү ырларына айланган.

* Мындан 90 жыл мурун, 1925-жылы Улуу Британиянын экс-премьер-министри, Советтер Союзунун кулашына чоң салым кошкон саясатчы катары таанымал
Маргарет Робертс Англиянын Грантем шаарчасында кедей үй-бүлөдө туулган. Жаш курагына карабай кичинекей Маргарет үйдөгү саясий талкууларга активдүү катышкан. Болочоктогу өкмөт башчы Оксфорддун химия факультетин бүтүргөн.
Тэтчер британиялык өкмөттү 1979-1990-жылдардын аралыгында башкарып, бул өлкөнүн тарыхында өкмөт башына келген биринчи аял болуп калган. Улуу Британиянын "темир айым" атыккан экс-премьер-министри Маргарет Тэтчер 2013-жылы 8-апрелде 87 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза болгон.
* Мындан 43 жыл мурун, 1972-жылы Уругвайдын регби боюнча жаштар командасын ташып бараткан учак Анд тоосунан кырсыкка учураган. 45 жүргүнчүнүн 16сы 22-декабрга чейин тоо башында каза болгон сапарлаштарынын этин жеп жан сакташкан.