Бостериде таежесине калтырылган 5 айлык наристенин өлүмүнө ачкалык себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, наристенин энеси жумуш издөө максатында Орусияга кетип калган. "Сентябрь айынын башында ымыркай чарчап калган. Болжол менен өлүмдүн себеби ачка калуу же оору болушу мүмкүн. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Баланын өлүмү боюнча айым милицияга арыз жазган эмес",- дешти облустук милициядан.