Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "селсаяктардын үй-бүлөсүн өлтүргөн" деген шек менен 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинен кабарлашты.
Маалым болгондой, кечээ, 12-октябрда милицияга аталган шаардын Шопоков көчөсүндө огороддо европа улутундагы белгисиз адамдын жансыз денеси жатканы боюнча маалымат түшкөн. "Тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган жерден кыздын өлүгү табылган. Анын башы катуу нерсе менен жанчылганы байкалган. Жанындагы турак жайдын ичинен азиат жана европа улутундагы дагы эки эркектин жансыз денелери табылган. Алардын моюндары кесилген жана биринин көкүрөгүнө беш жолу бычак сайылганы аныкталган. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон",- дешти милициядан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өлтүрүү эки-үч күн мурун болгон. "Иликтөөнүн натыйжасында маркумдардын өздүктөрү аныкталган. Алар 1991-жылы туулган Анастасия аттуу кыз, 1957-жылы туулган Виталий, кыздын атасы жана Түп районунун тургуну, 1988-жылы туулган Чыңгыз аттуу жигит. Алар селсаяктар экени белгилүү болду. Окуя болгон турак жайга ар ким келип, арак ичип жүрүшчү экен",- деп маалымдашты милиция кызматкерлери.
"Аталган кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Александр аттуу бала кармалды. Ал адамдарды өлтүрүү боюнча күнөөсүн моюнуна алды. Ал буга чейин "уурдоо" беренеси боюнча соттолгон. Александр арак ичип жүргөн селсаяк экен",- деп кошумчалашты укук коргоочулар.