Алмазбек Атамбаев Александр Лукашенкону Беларустун президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-октябрда Беларусь Республикасынын Президенти кызматына шайланышына байланыштуу Александр Лукашенконун дарегине куттуктоо жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы куттуктоо телеграммасында Кыргыз Республикасы менен Беларустун ортосундагы достук мамилелер жана өз ара пайдалуу кызматташуу биргелешкен аракеттердин аркасында өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Ошондой эле Александр Лукашенкого чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу кызматта алдыга койгон максаттарды ишке ашырууда ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги беларусь элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан