Бүгүн, 13-октябрда Улуттук гвардияда кызмат өтөөгө Чүй облусу боюнча жаңы 57 жоокер кабыл алынды. Кабыл алуу иш-чарасы Улуттук гвардиянын 714-аскер бөлүгүндө өтүп, 57 жоокердин 32си атайын багыттагы “Пантера” бригадасында, ал эми 25и Улуттук гвардиянын өздүк курамында кызмат өтөшөрү айтылды.
Улуттук гвардиянын Тарбия иштери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Мырзабаевдин айтымында, Улуттук гвардия жылына 1000ге чукул жаңы жоокерди кабыл алат. “Аларды тандоо өлкөнүн 7 облусунда бирдей жүргүзүлөт. Ар бир чакырууда облустан ондон бала тандалып алынат. Улуттук гвардияга кабыл алынуучу жоокерлердин бою 1 метр 80 сантиметрден кем болбошу керек. Мындан тышкары денесинин ачык жерлеринде (ред. жүзүндө, моюнунда, колунда) эч кандай тырык же так болбошу зарыл”- деди Мырзабаев.