УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, Ош облусунун Кара-Суу районунда жер тилкесин мыйзамсыз берүү боюнча фактыларды таап чыкты.
УКМКдан 13-октябрда билдиришкендей, 2014-жылы Кара-Суу районунда Сарай айыл башчылыгынын кызматкерлери Х.Д. деген жаранга "1999-жылы 60 сотых жер тилкеси берилген" деген жалган маалымдама беришкен. Ушул маалымдаманын негизинде Кара-Суунун райондук соту аны жер тилкенин ээси деп тааныган. Мындан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгы бул жер тилкесин жеке турак жай курулушу катарында каттоого алган.
“Кыргызгипрозем” Мамлекеттик долбоордук институтунун аныктоо белгилери боюнча көрсөтүлгөн жер айыл чарба багытындагы жерлердин катарына кирет жана өзгөчө баалуу айдоо-сугат айыл чарба жери болуп саналат. Ушул себептен трансформациялоо жүргүзүлбөй туруп, жердин дайындоосу мыйзамсыз өзгөртүлгөн.
Анын негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-берене (кызматтык жасалмачылык), 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) жана 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоду.
Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.