Өзбекстандын Фергана облусунда сентябрдын соңунда адаттан тыш окуя катталды. Куштепа районуна өлкөнүн премьер-министри Шавкат Мирзияевдин келери күтүлүп, жергиликтүү бийлик элди терилген пахтаны кайра эгин талаасына жармаштырып чыгууга мажбурлады. Муну жакында коңшу өлкөдөгү маалымат булактарынын бири жарыялады.
Жүздөгөн жашоочулар терилген пахтаны кайра талаага алып келишип, пахтанын бош калган куурайына клей менен жармаштырып чыгышкан. Максат премьер-министрге "түшүм мол экенин көргөзүү" болгон. Өкмөт башчынын кортежи Шахартепа айылында ошол эгин талаанын жанындагы жолдон өтөрү күтүлгөн, бирок чиновник аталган районго келген эмес.
Басылма мындай иштер Өзбекстанда мурда да болгонун эскерет. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов быйыл Наманган облусуна барганда жергиликтүү бийлик жашоочуларды дарактарга жасалма гүлдөрдү жабыштырып чыгууга мажбурлаганы айтылды.