Өкмөт башчы кыргыз курама командасын жеңиши менен куттуктап, 200 миң cом бөлүп берүүнү убада кылды

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасы жана Бангладештин футбол боюнча курама командаларынын оюнуна күбө болгон өкмөт башчы Темир Сариев оюндан соң футболчуларды жеңиши менен куттуктап, татыктуу оюн көрсөтүшкөнүн белгиледи.

“Бүгүн силер татыктуу оюн көрсөттүңөр. Баарыңарды жеңиш менен куттуктайм! Өкмөт спортту, анын ичинде футболду өнүктүрүүгө аракетин жумшап, колдоону улантат”,- деди Сариев.

Ошондой эле премьер-министр улуттук курамга Бангладешти жеңгени үчүн 200 миң cом бөлүп берүүнү убада кылганын өкмөттүк аппараттан билдиришти. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан