Жаңы коалицияга КСДП, "Ата Мекен", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары киргени жатат

Жогорку Кеңештеги жаңы коалициялык көпчүлүккө КСДП, "Ата Мекен", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары киргени жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына Ак үйдөгү ишенимдүү өздүк булагыбыз билдирди.
Анын айтымында, коалиция түзүү боюнча алдын ала сүйлөшүүлөрдүн болжолдуу жыйынтыгы белгилүү болуп калды. Парламенттик оппозицияда "Республика - Ата Журт" менен "Бир бол" фракциялары калат.
"Сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Белгилүү болгондой, Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялаган соң, президент фракциялардын бирине башкаруучу коалицияны түзүүгө мандат тапшырат. Бул мандат КСДПга берилиши күтүлүүдө",- деди өздүк булак.
Эскерте кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо аталган алты партия 7 пайыздык чекти басып өтүп, жеңүүчү аталган. БШК 24-октябрга чейин шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялап, андан кийин парламентте жаңы коалиция түзүү процесси расмий башталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан