Маматалиев: "Түрмөдөн качкан төрт кылмышкер жакынкы арада сөзсүз колго түшөт"

"Түрмөдөн качкан төрт кылмышкер жакынкы арада сөзсүз колго түшөт". Мындай пикирин вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 14-октябрда Бишкектеги террордук топту кармоо учурунда талкаланган үйлөрдүн кайра курулуп, ачкычтарын тапшырууда айтты. Маматалиев төрт кылмышкерди мамлекетибиздин аймагынан издөө катуу жүрүп жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кеткен. Анын бешөөсү колго түшүп, калганы качып кеткен. 
Качып кеткендер:

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Кадыралиев Данияр Кылычбекович 1976-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 170-175 сантиметр. Көзү кара, чачы кара.


Террордук топту жок кылуу учурунда үйсүз калгандар жаңы үйлүү болушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан