Өткөн сутка ичинде Республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматына таянып билдирди.
Маалым болгондой, Бишкекте бир өрт катталган. Анда Осмонкул көчөсүндөгү кафелердин биринде тамеки тартуудагы этиятсыздыктан столдун үстүндөгү дасторкон күйгөн. Ал эми Чүйдө 2 өрт кырсыгы катталды. Кемин районунун Алмалуу айылынын Жекшен көчөсүндөгү 30-үйдүн короосунда 4,5 тонна чөп күйгөн. Буга балдардын от менен ойногону себеп болгон. Ошондой эле Чүй районунун Садовое айылында 300 түк саман, 250 түк беде күйгөн. Себеби такталууда. Муну менен катар Баткенде 2 тилсиз жоо, Жалал-Абадда 2, Ошто 3 өрт кырсыгы катталган.