Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакчада Чүйдөгү №50-колониядан качып кеткен 4 кылмышкерди кармоо операциясы жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына саналуу мүнөттөр мурун күбөлөр билдиришти. Алардын айтымында, учурда Ахунбаев жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймак курчоого алынып турат. Ал жерде милиция кызматкерлери ар бир 50 метр аралыкта турушат.
ИИМдин маалымат кызматы SUPER.KG'ге бул маалыматты ырастады. "Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте аталган аймакта абактан качкандарды кармоо иштерин жүргүзүшүүдө",- дешти ИИМден.