Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоодон кийин талаш жараткан Ош жана Жалал-Абад облустарындагы участкаларда берилген добуштарды кол менен экинчи ирет санап чыкты. БШК мүчөсү Жеңиш Акматов SUPER.KG'ге электрондук эсептөөнүн жыйынтыгы кол менен саналган добуштарга дал келгенин айтты. "Эч кандай айырмачылык чыккан жок, бүт баары туптуура болду",- деди ал. Аталган аймактардагы айрым шайлоо участкаларында берилген добуштар электрондук жана кол менен саноодо дал келбей жатканын шайлоого катышып өтпөй калган "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясы айтып чыккан эле. Партия лидерлери БШКга арыз жазып, шек жараткан участкалардагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо керектигин билдиришкен. Алар добуштардын айырмачылыгы 37 миң болуп жатканын айтышкан.