Бишкектеги Ботаникалык бакчада эч кандай ок атышуу болгон жок. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда ал жерде №50-түзөтүү колониясынан
качып кеткен 4 кылмышкерди кармоо боюнча операция жүргүзүлүүдө.
"Автоматчан атайын багыттагы жоокерлер Ботаникалык бакчанын ичинде издөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Бакчанын айланасы курчоого алынган, бул жерде иштеген кызматкерлердин баары сыртка чыгарылышты",- дешет милиция кызматкерлери.
Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Аларды токтотуп жатканда ЖАМКтын үч кызматкери каза таап, дагы бири оор жаракат алган. Кийин Ленин айылында кылмышкерлердин бешөөсү кармалган. Ал эми төртөө учурда боштондукта жүрөт.