ЖАМК: "Ак-Босого конушунда белгисиз адамдар бир үйгө кирип, үйдөгүлөрдү өлтүрүп кетишти. Бул кылмышка түрмөдөн качкандар шектелүүдө"

"№50-түзөтүү колониясынан качып, үч күндөн бери кармала элек 4 кылмышкер "Бишкектеги Ак-Босого конушунда бир үйгө кирип, үйдөгүлөрдү өлтүрүп кетишти" деп шектелүүдө". Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда SUPER.KG порталына ЖАМКтан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя кечээ саат 20:00 чамасында орун алган. "Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ал жерге барышып, тергөө амалдарын жүргүзүшүүдө",- дешти мекемеден.
Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы бул маалыматты четке какты. Мындан тышкары Ак-Босогонун тургуну "Тез жардам" кызматынын унаасын көргөн жарандар кылмышкерлерден корккондугунан ызы-чуу салышканын билдирди.
Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Аларды токтотуп жатканда ЖАМКтын үч кызматкери каза таап, дагы бири оор жаракат алган. Кийин Ленин айылында кылмышкерлердин бешөөсү кармалган. Ал эми төртөө учурда боштондукта жүрөт. Алар:
1. Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
2. Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
3. Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
4. Кадыралиев Данияр Кылычбекович 1976-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 170-175 сантиметр. Көзү кара, чачы кара.
Эгер бул адамдар жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, ЖАМКка жана ИИМге төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылыңыз:
ЖАМКтын нөөмөт бөлүмү – 68-05-37
ЖАМКтын ишеним телефону – 43-11-77
ИИМдин нөөмөт бөлүмү - 66-23-31 же 102
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
MAKALAK
2015-10-15 09:06:55
олду го акмактар каякка кетти
+1
miron86
2015-10-15 09:10:16
Кандай Бишкекте эле жургондорду кармай албайсынар.Менимче алар эмес го дейм
+4
Begimkyz
2015-10-15 09:10:34
Ии Кудай сактасын, тезирээк кармагыла эми.
+2
missO
2015-10-15 09:11:35
Бүтүн үй-бүлөнүбү???? тактап жазгылачы кабар, рахмат!
+2
M89
2015-10-15 09:12:23
Кудай сакта. Эмнеге олтурушту экен? Тез арада кармаш керек. Кече бакчада журо беришпей башка жакты да карашса болмок. Биздикилер жоо издешпей, тик учактарды пайдаланышса болмок.
0
Beknurjorobaev
2015-10-15 09:24:41
Негизи кыргыз органдары кызык эле эми ким олтургонун таба албай дароо эле изделип жургон адамга шылташат кандай далил бар экен алар олтурду деп айтышка? Урматту super.kg маалыматты факты менен жазсаныздар сонун болмок
+5
Apsi
2015-10-15 09:25:18
балее болду го ушулар!!!!эртереек кармалса болот эле.тынчтык жок
+1
Beknurjorobaev
2015-10-15 09:25:55
ЖАМКты айтса эле ишенип олтура берет экенбиздаа каааап деп
+2
Alibi
2015-10-15 09:44:29
Кечинде көчөдө самсаалап жүргөн кыздар үйлөрүнө эртерээк бара турган болуптур да
+5
Nariste...12
2015-10-15 10:17:54
Эртерээк кармашса жакшы болмок. Журоктун ушун алып бутушту го...
+1
aibo_85
2015-10-15 10:28:48
ОПГ уже "лег на дно". Кылмышкерлерди чалгытуучу, адаштыруучу ыкмаларды жасашпайбы, мисалы коомчулукка башка маалымат берип, иш жузундо таптакыр башка жактан издеп. Болбосо оруссиялык кесиптештерин чакырышсын. Мындай кете берсе милициянын алсыздыгын корсотот.
+3
admin_portal
2015-10-15 11:42:13
Take_men,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
guju9389
2015-10-15 12:08:00
кайсы жеринде болуптур ак босогонун
0
age88
2015-10-15 14:33:01
Адам олтуру болбоптур бул жерде, макаланы жакшылап окуугулачы
+1
nura_kg
2015-10-15 17:00:06
age88,uydogulordu dep turat go...nu men adam dep ele tuwundum uydo adam jawasa kerek ee...
0
Jaz3
2015-10-15 17:16:59
батукаевдей кылып балким озубуздукулор учуруп иргендир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан