"Бишкектеги Ак-Босого конушунда белгисиз адамдар бир үйгө кирип, үйдөгүлөрдү өлтүрүп кетишти" деген маалымат чындыкка туура келбейт",- деп SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев билдирди.
Айта кетсек, кечээ, 14-октябрда саат 20:00 чамасында аталган конушта адам өлтүрүү болгонун Жаза аткаруу кызматынан билдиришкен. Мындан тышкары Ак-Босогонун тургундары интернеттеги социалдык тармактарда мындай факт болгонун жазып чыгышкан.