Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-октябрда өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына Куралдуу күчтөрдү реформалоонун жүрүшү, ошондой эле өлкөнүн укук коргоо системин реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Президент Куралдуу күчтөрдү реформалоо жана укук коргоо системин реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу маселелерин Коргоо кеңешинин кийинки жыйынында талкуулоо зарыл экендигин айтты. Мамлекет башчысы Куралдуу күчтөрдү мындан ары бекемдөө жана өлкөдө иштиктүү укук коргоо системин түзүү боюнча иштердин маанисин баса белгиледи.