"Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясы күмөн санаган шайлоо участкаларында добуштар кайра саналып чыгып, айырмачылык чыккан жок",- деди БШК төрагасы
Туйгунаалы Абдраимов 15-октябрда өткөргөн жыйында. Анын билдиришинче, Араван районундагы бир участкада гана 8 добуш туура эмес саналып калган.
"Ал добуштар кайсы партияга берилсе, ошол партияга коштук. Ал эми "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясы кайра санап чыгууну талап кылган шайлоо участкаларындагы добуштар кол менен саналып чыгып, айырмачылык табылган жок",- деди ал.
Белгилүү болгондой, БШК аталган партиянын талабы менен Ош шаарындагы 2, Араван районундагы 2, Өзгөн районундагы 4 шайлоо участкасындагы добуштарды кол менен саноого алган.