БШК парламенттик шайлоо боюнча акыркы жыйынтыкты чыгарып, кайсы партияга канча орун берилерин атады

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 15-октябрда парламенттик шайлоодо берилген добуштардын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык пайыздары эсептелип чыгып, кайсы партия канча депутаттык орунга ээлик кыла турганы белгилүү болду. 

КДСП 442 846 добуш алып, жалпы жыйынтыгы 27,5 пайызды түздү (38 орунга ээ болот);

"Республика-Ата Журт" 318 266 добуш алып, жалпы жыйынтыгы 20,6 пайызды түздү (28 орунга ээ болот);

"Кыргызстан" 205 268 добуш алып, жалпы жыйынтыгы 13,7 пайызды түздү (18 орунга ээ болот);

"Өнүгүү-Прогресс" 147 515 добуш алып, жалпы жыйынтыгында 9,39 пайызды түздү (13 орунга ээ болот);

"Бир бол" 134 909 добуш алып, жалпы жыйынтыгында 8,59 пайызды түздү (12 орунга ээ болот);

"Ата Мекен" 122 500 добуш алып, жалпы жыйынтыгында 7,80 пайызды түздү (11 орунга ээ болот). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан