Абактан качкан кылмышкерлердин колунан каза тапкан кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө президенттик фонддон 50 миң сомдон бөлүндү

№50-абактан качкан кылмышкерлердин колунан каза тапкан кызматкерлер Таалайбек ӨмүрзаковТуратбек СадыбакасовОрозбек уулу Фархаттын үй-бүлөлөрүнө КРнын Президентинин фондунан 50 миң сомдон бөлүндү. Ошондой эле оор жаракат алган Тилек Абылгазиевдин үй-бүлөсүнө да 50 миң сом берилди. Бул тууралуу 15-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 4 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан