Парламенттик шайлоодо уткан "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеден чыгарылган 70 талапкеринин бир тобу 16-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына митингге чыгышты. Алардын айтымында, партия 15 талапкерди өзүнүн макулдугусуз тизмеден чыгарып салды. Парламенттин мурунку депутаты
Кантемир Мурзабеков тизмеден чыгуу тууралуу арызга кол койбогонун билдирди.
"Мен эч кандай арызга кол койгон эмесмин, менин ордума башка бирөө кол коюп койгон болушу мүмкүн. Ошону тактап алайын деп келсем, БШК ичкери киргизбей жатат",- деди ал.