11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусундагы №50-түзөтүү колониясынан качып, бүгүнкү күнгө чейин кармала элек 2 кылмышкердин бири Алтынбек Итибаевдин бир тууганы Медер Итибаев SUPER.KG порталынын кызматкерлери менен жолукту (маекти толугу менен төмөнкү видеодон көрө аласыздар).
Анын айтымында, Алтынбек Итибаевдин аялы жана үч баласы бар. "Эмне үчүн соту бүтө элек адамды өмүр бою эркинен ажыратылган адамдардын арасына отургузуп коюшту? Мен ушул нерсеге нааразымын. Мына, кылмышкерлерди чекесинен атып өлтүрүп жатышат. Аларды уккан айылдагы апам менен атам оорукчан болуп калышты. Эгер Алтынбек байланышка чыкса, апабыз аны өзү милицияга алып келүүгө даяр.
Иним, өз эркиң менен колго түшүп бер. Бизге сенин өмүрүӊ, ден соолугуң керек",- деп кайрылды инисине Медер Итибаев.