"Учурдагы мандат талашууларга жана БШК менен болгон пикир келишпестиктерге партиялар өздөрү күнөөлүү". Мындай пикирин бүгүн, 21-октябрда тегерек столдун жүрүшүндө серепчи Табылды Акеров билдирди. Анын айтымында, партиялар жетиштүү добуш алган жана партиянын капчыгына ири көлөмдөгү каражат берген талапкерлерге мандат берүүнү убадалашкан.
"Партиялар 5 миңден ашык добуш ала алган талапкерлерге "тизмедеги ордуна карабай мандат берилет" дешкен. Ошондой эле партиянын капчыгына 200 миң доллар алып келе алган талапкерге да мандат убадалашкан",- дейт Акеров.
Серепчи партия лидерлери бул жолу да жеке кызыкчылыктарын өйдө коюп койгонун белгиледи.
"Кээ бир партиялардын лидерлери президенттик башкарууну эңсеп, парламентти мурункудай эле абалга алып келүүнү каалашты. Мындай лидерлер партиясынын кызыкчылыктарын биринчи орунга койбой, өздөрүн ойлошот. Жыйынтыгында бул нерсенин баары биригип, учурдагы мандатка байланыштуу маселелердин жаралышына алып келди",- деди ал.