Талас. Кең-Арал айылынын тургуну ок-дарыларды өз ыктыяры менен кайтарды

Талас ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов билдиргендей, 8-ноябрда Бакай-Атада 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги толкундоолор учурунда Талас ОИИБинен тонолуп кеткен ок атуучу куралдар жана ок-дарыларды табуу максатында “Арсенал” рейди уюштурулуп, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада Кең-Арал айылынын 1973-жылкы тургуну Нуржан Сөлпиев АКМдин 7,62 миллиметрлик 2 магазинин, АКСУнун 5,45 миллиметрлик 1 магазинин, АКСУнун 5,45 миллиметрлик 70 даана огун өз ыктыяры менен тапшырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан