Москвада кош бойлуу кыргыз айымды зордуктаган полиция кызматкери Валерий Говоровду Чертанов райондук соту 6 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Орусиянын Башкы прокуратурасынын расмий сайты жарыялады.
Маалыматка караганда, сот В.Говоровду "жыныстык катнашка мажбурлоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "тоноочулук", "зордуктоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Эске салсак, өткөн жылы 4-ноябрь күнү мекендешибиз укук коргоо органдарына кайрылып, зордуктоо фактысы тууралуу кабарлаган. Ал "Улица академика Янгеля" станциясында метродогу полициянын улук сержанты Валерий Говоров жабырлануучуну миграциялык мыйзамды бузганга шектүү катары суракка алганын айткан.
Полиция кызматкери административдик протокол түзүү үчүн бөлмөгө алып барып, жыныстык катнашка өтүүгө аракет кылган. Мындан сырткары айымдын 800 рубль акчасын тартып алган.
Жабырлануучу Гүлмира Х. окуя болгон учурда 4 айлык кош бойлуу экени белгилүү болгон. Орусиялык ММКлардын бирине берген маегинде Гүлмира Х. бул боюнча: "Биз полициянын бөлмөсүнө барганда ал жерде дагы бир адам бар эле. Экөө бир нерсени сүйлөшүп, ал чыгып кетти. Полиция кызматкери мага тийише баштады. Кийимимди чечкенге буйрук берип, зордуктады. Кыйкырайын дегем, бирок ал депортацияланасың деп коркутту. Ыйлап жумушка келип, кылмыш жөнүндө полицияга билдирдим. Ал мени 30-октябрда да токтотуп, документтеримди текшерген. Анда 6 миң рубль акчамды алып алган",-деген.