Бишкекте банктардын биринин филиалынан акча тоноого аракет жасаган жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда шаардык милициянын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, быйыл 20-июлда саат 09:20 чамасында бет кап кийген куралчан адам банктын филиалына кирген. Кеңседе кассанын администратору, бухгалтер жана күзөтчү болгон. Кылмышкер күзөтчүнү жарадар кылып, куралы менен кассанын айнегин сындырууга аракет жасаган, бирок акча ала албай качып кеткен.
Күбөлөр кылмышкер 20-23 жашта, дене түзүлүшү арык, бою 165-170 сантиметр экенин айтышты. Эгер ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, милицияга (0555) 10-21-76, (0701) 98-88-34,
(0772) 67-19-76 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыз.