"Ырчы Өмүрбек Жанышевдин (Омар) кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок" деп ага карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG порталына Талас облустук милициясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, кылмыш иши боюнча айыпталуучу Нуржан Токтогулов учурда убактылуу кармоочу жайда отурат, ага карата кылмыш иши токтотулган жок. "Токтогуловдун туугандары жана жакындары аны менен соттун чечими аркылуу жолуга алышат",- дешти милициядан.
Эскерте кетсек, Талас райондук сотунун 2015-жылдын 28-июлундагы токтому менен Омардын 2015-жылдын 28-июлундагы кармалуусу мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, бөгөт коюу чарасы катары 2015-жылдын 20-августуна чейин камакка алуу түрү тандалган.
Талас облустук сотунун соттук коллегиясы 3-августта карап, Талас райондук сотунун 28-июлдагы токтомун өзгөртүп, кармалуусун мыйзамсыз деп тапкан. Ошондой эле бөгөт коюу чарасынын түрү өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө жөнүндө кол кат тандалган. Тергөө бүткөнгө чейин ырчы Омарга Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынан эч жакка кетпөөсүнө жана Талас облусунан сыртка чыгууга тыюу салынган.
27-августта Омарга биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашевдин жана Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору
Муратбек Бегалиевдин кепилдиги менен Талас облусунан чыгууга
уруксат берилген.