Өкмөттүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматына 29-октябрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда 3-4 адам буюмдар салынган мүшөктөрдү катып, өздөрү белгисиз тарапка кетишкени тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган мекеменин кызматкерлери талаадагы арыктан полиэтилен баштыгына салынган куралдар: "Сайга 410 К" автоматы, "Сайга" 7,62 калибриндеги мылтык, "Байкал" 12-1 калибриндеги мылтык, "ПМ" жана "Байкал" тапанчаларын, атуучу куралды тазалоочу май, ок табышкан. Азыркы тапта соттук-дактилоскопикалык жана соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.