Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургуну 15 грамм гашиш менен колго түштү. Мындай маалыматты бүгүн, 30-октябрда шаардык милициянын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, ыкчам маалыматтын негизинде Ленин РИИБинин кызматкерлери Арча-Бешик конушунда жашаган аялды кармашкан. Аны текшерүүдө колунан 15 грамм гашиш табылды.
Ошондой эле ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Ак-Ордо конушунун жашоочусунун унаасынан 152,7 грамм гашиш табылган. Кармалган жарандар тергөө бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү иштери башталды.