Москва шаарында орус кызды үйүнүн алдынан зордуктап, тоноп кеткен кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Москва шаарында орус кызды түн ичинде үйүнүн астынан зордуктап кеткен кыргыз жараны кармалды. Орусиянын маалымат каржаттарынын маалыматына таянсак, окуя Москва шаарынын түндүк-батыш тарабындагы Планерная деген көчөдө 28-октябрда түнкү саат 3:00 чамасында болгон.

Белгилүү болгондой, 32 жаштагы кыргыз жараны алгач кафелердин биринен мас абалда чыгып, 26 жаштагы Ольга аттуу кыздын метродон чыгып, жалгыз бара жатканын көргөн. Анын артынан түшүп, көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанына келгенде күч колдонуу менен аны зордуктаган. Ошондой эле кыз жардам сурап кыйкырганда ур-тепкиге алган. Андан кийин уюлдук телефонун, банктык картасын, үйүнүн ачкычын алып кетип калган.

Кыздын жардам сурап кыйкырганын уккан тургундар "Тез жардам" кызматын жана полиция чакырышкан, ал ошол замат ооруканага жеткирилген. Сабоо учурунда кыздын жаак сөөгү жана мурду сынган.

Полиция издөөнүн жыйынтыгында ал жигит мас абалда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдындагы видеобайкоого түшүп калганын көрүп, анын негизинде колго түшүрүп, кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Сурак учурунда кармалган кыргыз жараны эркин күрөш боюнча спорт чебери экенин жана үй-бүлөлүү экенин айткан. Ошондой эле Москва шаарына келгенине эки апта болгонун билдирген. Ага чейин Москванын чет тарабындагы райондордо курулуш тармагында иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
TOMMYHILFIGER
2015-10-31 14:17:58
Ошол кылган ишин менен бактылуу болуп кетсен боптурда нее дейбиз эми мындай акмактарга
+2
cristiano
2015-10-31 15:07:53
Уйунун ачыкычын башына урасынбы??? Кызык... Зордуктап, дагы аны тоноп кеткенин.
+1
Geroy
2015-10-31 16:08:15
Бөтөн жерде тынч эле жүрө бербейби.
+1
rios.07
2015-10-31 20:57:09
арким кылса озуно
+1
Shat.88
2015-10-31 21:22:57
Эмнеле кыргыз жигиттер акыркы учурда сексуальный маньяк болуп баратышат.
+1
iliaz-91-91
2015-10-31 21:56:04
Андай болгон эмес. Тунку копол болгонго. Ментер коруп калып мойнуна илип салышкан.
-2
nur_92
2015-10-31 21:56:23
Атын чыкбаса жер ортто болуптурда
0
Minhi
2015-10-31 22:44:12
Сагыра канчалаган Кыргызды жаман аттуу кылып акмак калган омурун инша аллах турмодо отот.эмне деген жырткычтык бул Эшектен айырмасы жок бул чочко
+1
Shat.88
2015-10-31 23:26:48
iliaz-91-91 сен кубосунбу андай болбогонуна ?Видио камерага тушуп калыптыр иштин баары.
+1
Kadyrbek09.10.2015
2015-11-01 01:15:24
Эми ушунун айынан ал жакта жүргөн кыргыздарга да сөз тийет
+1
Arslan12
2015-11-01 11:20:13
31 не чыкса да мээрим жок турбайбы бар турган жерине жакшы бар
0
bektur1993
2015-11-02 01:23:17
Озу бул жакта эми бир анча текшербей калды эле Кыргыздарды эми кайра бир акмактын айынан дагы текшерип баштайтко уят эле кылдыго ансызда бизди анча жактырышпачуу Орустар
0
esentur8893
2015-11-02 10:01:31
Астагфируллох, Токтогулдук брат го, менин кошунам,азыр эле однокл коргом узбек деп айтышты го
0
admin_portal
2015-11-02 10:50:49
jalilbek - эскертүү!
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат.
0
admin_portal
2015-11-02 10:53:36
Bekchoro - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, суроо же сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан