Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Сокулукта ресторан өрттөндү

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан “Ала-Арча” ресторанынын шифер менен жабылган чатыры, ашкана бөлмөсү, от жагуучу бөлмөсү, жалпы 100 чарчы метр аянты күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Мындан тышкары Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында сарайдын чатыры, 2 тонна чөп, 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби аныктала элек. Ошондой эле Араван районунун Юсупов айыл аймагында Сары-Таш ашуусунун 7-чакырымында Дэу Матиз үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөн. Өрттүн чыгышына электр жабдууларын техникалык куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fea-11
2015-11-02 09:30:09
Тооба кудай бир сактады.Араванда куйгон матиз улгусундогу машинанын ичинде айдоочу аялы кызы бар болчу.Кудайга сактап машинадан тушконго улгурушуптур
0
aruusham
2015-11-02 12:01:58
Ала-Арча жакында эле иштеп баштаган болчуго. Айгул Эже
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан