Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги №889-көмөк чордондун электр кабели жана жанындагы таштанды күйгөн. Селсаяк отко этиятсыз мамиле кылганы үчүн өрт чыкканы аныкталды.
Мындан тышкары Ош шаарындагы Турсунбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде батирде 20 чарчы метр жыгач жана муздаткыч күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.