Ошто кутурган ит төрт адамды тиштеп салып, алар ооруканага жаткырылышты

Ошто кутуруп кеткен ит төрт адамды тиштеп салып, алар ооруканага жаткырылышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан 3-ноябрда билдиришти.

Маалыматка таянсак, Кара-Суу районундагы Учар айылында 1-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында кара түстөгү ит алдынан чыккан адамдарга жана иттерге кол салып, тиштеп кете берген. Анын кесепетинен Учар айылынан 3 адам жана Ош шаарынын аймагынан 1 адам жабыркаган. Мындан сырткары айылдын иттери да тиштелген. Учар айылынын жергиликтүү тургундары тарабынан ит өлтүрүлүп, аны ветеринардык лабораториядан текшергенде, иттин кутуруп кеткендиги аныкталган.

Кутурган иттен жабыркаган жарандар:

  1. 2002-жылы туулган Ж.А., Ош шаарынын тургуну, кутурмага каршы эмдөө алынды, амбулатордук дарыланууда;
  2. 1987-жылы туулган К.А., Учар айылынын тургуну, кутурмага каршы эмдөө алынды, амбулатордук дарыланууда;
  3. 1959-жылы туулган М.Ү., Учар айылынын тургуну, кутурмага каршы эмдөө алынды, амбулатордук дарыланууда;
  4. 2013-жылы туулган Э.А., Учар айылынын тургуну, кутурмага каршы эмдөө алынды, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында дарыланууда.

Учурда “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын мергенчилери тарабынан ит атуу иштери уюштурулуп, кутурган ит аралап өткөн көчөлөрдөн 17 ит атылып, жок кылынган. Ошондой эле Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан кутурма оорусу боюнча элге түшүндүрүү жана жолбун иттерди аттырып жок кылуу иштери улантылууда. Ветеринардык-санитардык эреженин негизинде кутурган ит өлтүрүлгөн жердин айланасындагы айыл чарба малдарын аталган ооруга каршы эмдөө жана залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Ош шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык мамлекеттик көзөмөлдөө борбору тарабынан атайын топ түзүлүп, кутурма оорусунун алдын алуу максатында Жапалак айыл аймактык башкармалыгында эл арасында кутурма оорусу боюнча эпидемияга каршы иш-чараларын жүргүзүү менен санитардык агартуу иштери күчөтүлдү. Ош шаарынын №1-Үй-бүлөлүк медицина борборунун №6-филиалынын кызматкерлери тарабынан медициналык көзөмөлгө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
guzel_
2015-11-03 10:30:48
Ит тиштеген адамдар да кутуруп кетпейби.толук дарыланса болот бекен.
+1
tursunbaev2004
2015-11-03 11:43:35
guzel_,толук дарыланса коркунуч болбойт
0
kobra86
2015-11-03 11:48:14
guzel_, Ит тиштегендмн баары кутурбайт экен ал эми адамдарды текшерип ашого жараша даарылашат. Менда билбестен кутурган ит менен ойноп алып дарылангам ой ой уколу жаман ачуу жумалап оорусу басылбаган бир жыл дарылашкан врачтар
-1
Leylektik-77777
2015-11-03 10:39:34
Кудай сактасын,ит тиштегендер сакайып кетсин.Менин аяш атамдыда кутурган тулку колун тырмап салган экен ,ал билбей журоберип акырында кутуруп,ток мн олтургон доктурлар.
+1
jemile
2015-11-03 10:42:41
Jabyr tartkandarga shypaa bersin
+1
sterva
2015-11-03 10:43:43
Менин аяш энемди да ит тиштеп,коп отпой аяш энем каза болгон,дары,уколдорун сразу алган болчу
+1
aku
2015-11-03 10:48:16
2013- жылкы кичинекей балага жаман болуптур да 2 жаштагы бала жакшы болуп кетсе экен ото катуу тиштелбеген болсо экен.
+3
kobra86
2015-11-03 11:49:47
Баары айыгып кетишсин бироосу 2 жаштагы бала экен байкушум
+1
Kanat198816
2015-11-03 12:56:43
эртерээк айыгып кетишсин,кочодо жургон иттердин баарын атып салышса жакшы болмок эле.
+1
BakytAliev
2015-11-03 14:47:41
Баткенде бир бала кутуруп кетип бир аялды тиштеп салды откондо
0
aku
2015-11-03 19:08:21
BakytAliev, адамдар да кутуруп кеткенде тиштеп калат бекен? Анан ал баланы эмне кылышты,аялчы?
0
aiturgasha
2015-11-03 16:02:25
ии ушу иттерден аябай корком.озу ит кантип кутуруп кетет? не болгондо? же озунон озуле кутуруп кетеби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан