Балыкчы шаарында 2-ноябрда саат 03:50дөн баштап саат 16:15ке чейин ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен 4 турак жайдын жана 5 социалдык имараттын чатырлары жабыркаган. Шаар боюнча турак жайларга жана социалдык объектилерге келтирилген болжолдуу материалдык чыгымдын жалпы суммасы 130 925 сом болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Келтирилген материалдык чыгымдар:
- 4 турак жайдан – 179 чарчы метр профнастил, 165 метр ичке тактайча (рейка), 2 даана шифер;
- Социалдык фонддун имаратынан – 20 даана шифер;
- Манас атындагы №1-орто мектептен – 23 даана шифер;
- Л.Толстой атындагы №1-гимназия-мектебинен – 30 даана шифер;
- С.Каралаев атындагы №6-орто мектебинен - 20 даана шифер, 20 метр ичке тактайча;
- Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык колледжинен – 52 чарчы метр профнастил, 30 метр ичке тактайча жана 12 даана шифер.