Бишкекте 4 бала 1 жигитти сабап, тоноп кетти

Бишкекте тоноо боюнча шектелип 17-20 жаштагы балдар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Свердлов райондук милициясына Бишкектин 21 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын билдиришинче, 2-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Жибек-Жолу менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 4 адам ага күч колдонуп, 3 уюлдук телефонун жана акча каражатын алып кеткен.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен бир сутка ичинде бул кылмышка шектүү катары 1995-1998-жылдары туулган балдар кармалышты. Учурда "тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган балдардын буга чейинки кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
akzuura
2015-11-04 15:52:23
Соо эмесиңер десем жиндисиңер жинди дейн десем оңой акча тапканга акылдуусуңар тооба кылдым.
бирөөнүкү бирөөгө буйрубайт тешип чыгат
+7
chalkan
2015-11-04 16:07:41
Үйдө баатыр жоодо жок, байкуштар.
+4
nuriyaeljan
2015-11-04 16:53:05
ушул жер озу тоноочулардын точкасы окшойт мени да мектепте окуп жургон убагымда дал ушул жерден туну тоношкон болчуу 3чоон чон балдар аран кутулган элем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан