Депутат Каныбек Осмоналиев таластык мугалимдердин арыз-арманын укту

ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиев бүгүн Талас облусундагы Кум-Арык айылындагы көмөкчү
жатак-мектептин мугалимдери менен жолугушту. Аталган мугалимдер интернатты колдоо боюнча өткөн марафондон түшкөн 48 миң сом акча керектүү иштерге туура жумшалганын жергиликтүү бийлик органдарына 8 айдан бери далилдей албай жатканын айтышты. Ошондой эле чарбачылыкка делген 3 гектар жерди кайтарып берүүнү өтүнүүдө. Аларга эки жолу кылмыш иши ачылып, кылмыш курамы болбогондуктан кайра жабылган. Эми үчүнчү ирет ачылыптыр. Депутат Каныбек Осмоналиев: “Балдар жапа чекпеши керек, окуу-тарбиялык процесс үзгүлтүккө учурабашы зарыл. Бул жатак-мектеп республикалык бюджеттен каржылангандыктан, Билим берүү, илим министрлиги бул ишке өз убагында кийлигишип, маселени создуктурбай бардык талаш жагдайларды чечсе болот эле”,- деди. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга депутаттык суроо-талап жөнөтүү менен мугалимдердин арызы боюнча парламенттик суроо-талап демилгелей турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан