ЖКнын 14-ноябрдагы жыйыны депутат Нариман Түлеевдин маселеси менен башталат
Бүгүн Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин жыйынында ушул жылдын 14-15-ноябрында өтө турган ЖКнын жыйындарынын күн тартиби каралды. Ага ылайык 14-ноябрдагы жыйын Нариман Түлеевдин кармалышын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулоодон башталат. Мындан сырткары да бир нече мыйзам долбоорлору каралат. Ал эми 15-ноябрда депутатттар быйылкы жылкы түшүм жыйноонун жыйынтыгы жана өлкөдөгү күзгү талаа жумуштарынын жүрүшү тууралуу Айыл-чарба жана мелеорация министринин маалыматын угушат. Мындан башка да бир катар маселелер каралып, бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилмекчи.