Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Жусубали Исаев менен Мурадыл
Мадеминов Баткен облусунун Исфана шаарында өткөн "Бишкек-Исфана"
аба каттамынын ачылышына катышты. Бул иш-чарада аталган депутаттардан
сырткары өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков
баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, “Bishkek-air” авиакомпаниясынын жана
жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болду. Депутат Жусубали Исаевдин айтымында, бүгүнкү Бишкек-Исфана жаңы авиакаттамы 120 миңден ашуун калкы бар
Лейлек району үчүн чоң мааниге ээ. Алгач бул авиакаттам аптасына 3 ирет жүргүзүлмөкчү.
Келечекте элдин суроо-талабына ылайык, авиакаттамды күнүгө жүргүзүү жагы
караштырылат. Жергиликтүү эл жаңы авиакаттамдын ачылышына ыраазычылыктарын
айтуу менен бирге бул каттамды күнүгө жүргүзүү өтүнүчтөрүн билдиришкен. Айта кетсек, бул авиакаттамды SAAW-340 үлгүсүндөгү 33 орундуу учак тейлейт, билет баасы 3500-4000 сомду түзөт.