Каныбек Сагынбаев: "Дүйнө биринчилигинде 3-орунду ээлеген Канат Сыдыковго үй белек кылуу керек"
Бүгүн Москвада өткөн бильярд боюнча Кремлдин Кубогуна катышып келген бильярд чеберлери маалымат-жыйын өткөрүштү. "Кремлдин Кубогуна татыктуу катышып келдик деп эсептейм" деп кеп баштады аталган мелдеште 2-орунду камсыз кылган Каныбек Сагынбаев. Ошондой эле ал: "Чемпион болуп, кубокту ажобузга алып келип берейин дедим эле. Тилекке каршы, жеңе албадым. 13-ноябрда Ханты-Мансийскте Дүйнө чемпиондугуна аттанабыз. Буюрса, ал жактан жеңишке жетишебиз деп ишенем",- деп билдирди. К. Сагынбаев жазында Бишкекте өткөн Дүйнө биринчилигинде Канат Сыдыковдун 3-орунду ээлешине жетишерлик көңүл бурулбаганына нааразычылыгын жашырган жок. Бул тууралуу: "Канатка үй белек кылуу керек",- деди ал.