Бишкек шаарынын жашоочусу алдамчылыктын курмандыгы болгондугун айтып, 9-ноябрда милицияга арыз менен кайрылды. Жабырлануучуну 2011-жылы үйүнүн жанынан 30-35 жаштар чамасындагы бейтааныш цыган аял төлгө ачып берем деп алдап, 25 миң сом акчасын жана 100 миң сомдук алтын жасалгаларын алып кеткен. Ыкчам иликтөө иш-чарасынан кийин укук коргоо органынын өкүлдөрү кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган Д.Марина аттуу аялды кармашты. Кылмышка шектүүнүн үстүнөн иликтөө иштери уланууда.