"Кыргыз темир жолу": Балыкчыга кошумча каттамдар ачылат

Бишкек-Балыкчы багыты боюнча кошумча каттамдар ачылат. Бул тууралуу 16-июнда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 19-июндан тарта Бишкек-Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди бейшемби, ал эми 23-июндан баштап дүйшөмбү күндөрү да каттай баштайт.

Мурда аталган поезд аптасына 3 күн - жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттап келген болсо, эми 19-июндан 7-июлга чейин жумасына 5 күн - дүйшөмбү, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. 7-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын жүрөт.

Айта кетсек, бул багытта жалпы 15 вагон каттамга тартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан