Нарын. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл малдын баасы бир кыйла арзан болууда

Нарын облусунда быйыл мал жана картошканын баасы арзан болуп жатат. Мунун кесепетинен дыйкандар жана малчылардын мээнети акталбай жатканын айтышат жергиликтүү жашоочулар. Мисалы, Кочкор районунда былтыр 1 жылкынын баасы 85-90 миң сом, уйдун баасы 45 миң, ал эми койдун баасы 7 миң сомдун тегерегинде болсо, учурда жылкынын баасы орточо 60 миң, уй 30 миң, койдун баасы 5000 миң сом болууда. Былтыркы кыштан чочулап калган малчылар быйылкы кыштан да коркуп жана тоют үнөмдөө үчүн малдарын арзан болсо да сатышууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан