Жалал-Абад. "Тамашоучулар" күлкү тартуулап, элдин маанайын көтөрүштү

9-ноябрь күнү "Тамашоу" долбоорунун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү ачылды. Салтанаттуу кечени аталган долбоордун президенти Эрмек Нурбаев ачып берип, 10 команда күлкү тартуулап, элдин маанайын көтөрдү.2 жарым саатка созулган оюндун жыйынтыгында калыстардын чечими менен Кочкор-Ата шаарынан келген "Нефтяники" жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студент кыздардан турган "ЖАК" командасы "Мыкты командалар" деп табылды. Ал эми "Мыкты тамаша ээси" деп ошол эле ЖАМУнун "Smile club" командасы аталса, "Мыкты оюнчу" "Экөөбүз" командасынын жигити болду. Жеңүүчүлөр дипломдор жана демөөрчүлөрдүн белектери менен сыйланышты. Кечени Эрмек Нурбаев жыйынтыктап, жер-жерлерде ачылып жаткан өкүлчүлүктөр "Тамашоунун" кеңири жайылышына, эл ичинен таланттардын суурулуп чыгышына өбөлгө болорун айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан