Ысык-Көл райондук милиция кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү баңгизатын сактап жүргөн жаран кармалды. 9-ноябрь күнү райондук милициянын ыкчам-издөө бөлүмүнүн изилдөө иштеринин жыйынтыгында Чоң-Сары-Ой айылынын жашоочусу 6 кг марихуана сактап жүргөндүгү маалым болгон. Буга чейин дагы соттолгон бул жаран учурда аймактык убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.