Ысык-Көл. Жол жээгиндеги бак-дарактарды кыюу иштери жүрүүдө

Облус аймагында 2012-жылдын 10 ай аралыгында 334 жол кырсыгы катталса, бул көрсөткүчтүн 19,4%ы же  65и  жол жээгиндеги бак-дарактарды сүзүп кырсыкка учурагандар болуп эсептелет. Бул тууралуу облустук ИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, жол жээктеги бак-дарактар айдоочулардын көрүү мүмкүнчүлүгүн гана чектебестен, кышкысын жолдордо муз тоңууга алып келип, жол коопсуздугуна коркунуч туудурат. Бул өңдүү жол кырсыктарынан 24 адам каза таап, 120 адам жаракат алган. Эми жол жээгиндеги бак-дарактарды кыюу Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 105-чакырымынан 190-чакырымына чейин, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун 184-чакырымынан 218-чакырымына чейин жана Каракол-Эңилчек автожолунун 1-чакырымынан 7-чакырымына чейин кыйылары күтүлүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан