УКМК Энергетика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик департаменттин жетекчисине айып такты

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан КРнын Экономика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик департаментинин жетекчиси А.Султанкуловага маанилүү экономикалык механизмдерде коррупциялык ишти алып барганы үчүн айып тагылды. Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда Баш прокуратура тарабынан А.Султанкуловага "КасЭнерго" ЖЧКсына мыйзамсыз лицензия берип, мамлекетке 8,3 миллион сом өлчөмүндөгү зыян алып келгени үчүн кылмыш иши козголгон. Бирок 6-ноябрь күнү Биринчи Май райондук соту тарабынан Султанкулованын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, бир айга үй камагына чыгарды. Эске салсак, ушул эле жылдын октябрь айында жогоруда аталган департаменттин тарифти жана бааны жөнгө салуу бөлүмүнүн жетекчиси К.Аманкулов (А.Султанкулованын жолдошу, "КасЭнерго" ЖЧКсынын жетекчиси) аталган кылмышка катыштыгы бар деп камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан