2015-жылы окууга барбай жүргөн өспүрүмдөрдүн ичинен 400дөн ашууну билим берүү мекемелерине кайтып келишкен

Өткөн жылы биргелешип өткөрүлгөн алдын алуу иш чараларынын жүрүшүндө окубай жүргөн 504 өспүрүм аныкталып, анын ичинен 446 окуучу билим берүү мекемелерине кайтып келген. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда ИИМдин Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборунун жетекчиси Абдымомун Камалов билдирди.

"ИИМдин Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборуна 3 жаштан 18 жашка чейинки көзөмөлсүз жана кароосуз калган, ата-энесинен адашкан, таштап кеткен, балдар үчүн интернат мекемелеринен өз алдынча таштап кеткен, кайырчылык менен алектенген жашы жете электер жеткирилет. 2015-жылы борборго 1238 жашы жете электер жеткирилген. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 661, Чүй облусу боюнча - 371, Ысык-Көл облусу боюнча - 27, Нарын облусу боюнча - 23, Ош облусу боюнча - 47, Ош шаары боюнча - 8, Жалал-Абад облусу боюнча - 63, Талас облусу боюнча - 18, Баткен облусу боюнча - 12, КМШ боюнча – 8",- деди А.Камалов.

Анын айтымында, борборго жеткирилген жашы жете электердин ичинен 643ү мектеп окуучусу, 178и кесиптик лицейдин окуучусу, 72си орто мектепте окубай жүргөндөр, 140 бала 9-классты аяктагандар, 33 бала орто мектептерди аяктагандар, мектепке чейинки жаш курактагылардын саны 54 баланы түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан